Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөнүн 30 мамлекетинде 550дөн ашуун адам маймыл чечеги оорусун жуктуруп алганын маалымдады. Бул тууралуу аталган уюмдун директору Тедрос Аданом Гебрейесуска шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Бүгүнкү күндө 30 өлкөдөн 550дөн ашуун адамдан бул илдет аныкталды. Учурда бул инфекцияга байланыштуу бардык жагдайлар изилденип жатат. Анын бир эле учурда дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүндө катталышы буга чейин эле акырындан жайылганынан кабар берет", - деген ал.
Ошондой эле анын айтымында, бул илдетти жуктуруп алгандардын саны дагы өсүшү толук ыктымал.