Бүгүн, 29-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчысы мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону, кылмыштуулукка каршы күрөштү камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматтарын укту.
Мамлекет башчы өлкөдө тартипти жана стабилдүүлүктү сактоо боюнча укук коргоо органдары ырааттуу иш жүргүзүп, катуу чараларды көрүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.