
Америкалык актёр
Жонни Депп мурдагы жубайы
Эмбер Хёрдду сотто жеңип чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Виржиния штатында сот актриса Эмбер Хёрдду мурдагы жолдошу Депптин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча доо арызында анын аброюна шек келтиргени үчүн күнөөлүү деп тапты.
Сот Жонни Деппти колдоп, ага 15 миллион доллар сыйлык берген.
"Сонная лощина", Чарли жана шоколад фабрикасы", "Донни Браско", "Кариб деңизинин каракчылары" франшизасы жана башка көптөгөн тасмалардан кийин кеңири популярдуулукка ээ болгон 58 жаштагы Жонни Депп мурдагы жубайы 50 миллион доллар кенемте төлөсүн деген доо арыз менен сотко кайрылган. Ал мурдагы аялы ага жалаа жаап, аны физикалык жана сексуалдык зомбулукка айыптап, өзүн ушундай кордуктун курмандыгы катары гана эмес, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшкөн коомдук ишмер катары көрсөткөнүн билдирген.