Ош шаарынын мэри: "Шаар деген шаардай болушу керек, жер үйдө жашайм, мал багам дегендер айылга барып жашасын"

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Govori.TV'га маек берип, анда журналист шаардагы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр боюнча сураган.

"Азыр технологиянын өсүү заманы, баары заманбап. Азыр 18-20 кабатка чейин куруп жатабыз. Дүйнөдө 100 кабатка чейин куруп жатышат. Ошол эле Японияны карагыла. Күндө 4-5 маал жер силкинет. Көп кабаттуу үйлөрдүн өсүшү бул экономиканын өсүшү да. Ош шаары бул экинчи борбор. Шаар деген шаардай болушу керек. Шаарда көп кабаттуу үйлөр болушу кажет. Жер үйдө жашайм, мал кармайм дегендер эми анда айылга барып жашасын. Шаар деген шаардай болушу зарыл", - деген шаар мэри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан