Бир учурда хит болгон "Серенада" ырынын аткаруучусу Жамал Абдукеримова көп жылдан бери боордун циррозу менен алышып келген. Ал бүгүн, 2-июнда эртең менен Оштогу ооруканада каза болду. Бул тууралуу маркумдун бир тууган инисине кабарлашканыбызда белгилүү болду.
Буга чейин Жамал Абдукеримова Түркияда дарыланган.
"Эжемдин боорун алмаштырганга дагы 2-3 ай убакыт бар болчу. Ага чейин Кыргызстанда болуп турсун деп алып келгенбиз. Анын үстүнө эжемди апам өзү карап, жалгыз болуп жаткан. Бул жакка келгенден кийин Оштогу, Жалал-Абаддагы ооруканаларда дарыланып жатты. Бүгүн, 2-июнда эртең менен Оштогу ооруканада үзүлүп кетти.
Боорун алмаштырганга Түркияга кайра бармак, аз күндө Түрк жарандыгын да алмак. Көп жеңилдиктер болмок", - дейт Медер Абдукаримов.
Жамал Абдукеримова жазуучу, акын, обончу, режиссёр, журналист Садыралы Абдукеримовдун кызы. Ал 1981-жылы Аксы районуна караштуу Кербен шаарында төрөлгөн. Атасы Садыралы Абдукеримовдун "Серенада" деген ырын ырдап чыгып, элдин жакшылыктарында кызмат кылып келген.
2 жыл мурда Жамал айым операцияга муктаж экенин жазганбыз. Анда ал Түркияда дарыланып жаткан, боорун алмаштырууга 60 миң доллар каражат керектелери белгилүү болгон.
SUPER.KG порталынын жалпы жамааты Жамал Абдукеримованын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.