"11-классты бүтүп эле вебкам болуп иштеп кеткендер көп". Спортчу Дастан Шаршеевдин видеосу талкуу жаратты

Белгилүү кыргыз мушкери Дастан Шаршеев өзүнүн Тик-Токтогу баракчасына Кыргыз кыздарынын арасында сойкулук менен алектенгендер көбөйүп жатканын айтып, видео кайрылуу жасады.

Анда ал сойкулук кылган кыздар менен баарлашып көргөнүн айтып, алардын мындай жайга баруусуна эркектер да күнөөлүү экенин баса белгилеген.

"11-классты бүтүп, вебкам болуп иштеп кеткендер бар экен. Таң каласың. Бишкекте жүрсөң кымбат-кымбат унааларды айдап алышат. Баары эмес, албетте. Акча каяктан? Кымбат телефон көтөрүп, чет жакка эс алып келишет. Эне-аталар, таяке-жээндер, көзөмөлдөбөйсүңөрбү!", - деди Шаршеев.

Ошондой эле ал Кыргыз кыздарына чет өлкөгө чыгууда жашына жараша чектөө киргизүү керектигин билдирген жана бул көйгөй менен күрөшүүгө мырзаларды чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан