20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары кечээ, 28-ноябрда Алай районунда улак союп түлөө өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттын карындашы Каныш Белекбаева билдирди. Алар депутаттын боштондукка чыгуусун тилеп айыл аксакалдарын штабга чакырып түлөө өткөрүшкөн.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексининин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылууда.