Кыргыз кызы Түштүк Кореяда жергиликтүү кеңештин депутаты болду

Кечээ, 1-июнь күнү Түштүк Кореяда жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу болуп өттү. Анда кыргыз кызы Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык кызматына шайланды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Кореядагы элчиси Аида Исмаилова жазып чыкты.

"Көп адамды жеңип, чет өлкөдө, биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык кызматына шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айсулуу айым дайыма Элчиликке көмөктөшүп, биз жүргүзгөн иш-чараларга өз салымын кошуп, мыкты патриот мекендештерибиздин бири. Айсулуу айым биз сиз менен сыймыктанабыз, чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу кызматыңызда ийгиликтер коштоп жүрүшүнө тилектешмин", - деп жазды элчи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан