Испаниялык футболчу Жерар Пике менен ырчы Шакира ажырашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Айрым маалымат булактарына ылайык, испаниялык футболчу Жерар Пике менен ырчы Шакира 11 жылдык сүйүү мамилесине чекит коюшту. Буга футболчунун Шакиранын көзүнө чөп салгандыгы себеп болгон.
Футболчуну түнкү клубдарда башка аялдардын коштоосунда көп көрүшкөн. Футболчу эртең менен "Барселона" клубу менен машыгуу керектигине карабай түнкү саат 2-3кө чейин түнкү клубдарда болгон.
Айта кетсек, Жерар Пике менен Шакира 2011-жылы сүйүү мамилесин ачыкташкан. 11 жылдан бери түгөйлөр 2 уулдуу тарбиялап келишкен.