Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Түркиянын өлкөнүн атын өзгөртүү өтүнүчүн канааттандыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглудан БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррешке Түркиянын чет тилдердеги атын Turkiye деп өзгөртүү өтүнүчү менен кат келген. Өлкөнүн аталышын өзгөртүү катты алган учурдан тартып күчүнө кирет.
"Президентибиздин жетекчилиги астында өлкөбүздүн брендинин баасын көтөрүү боюнча баштаган процесс аяктап баратат. Мен бүгүн БУУнун Башкы катчысына жиберген кат аркылуу өлкөбүздүн атын чет тилдерде "Türkiye" кылып каттадык", - деген Чавушоглу.
Мындан ары Түркиянын чет тилдердеги расмий аты Türkiye болуп өзгөрүп, бул ат бардык эл аралык форумдарда жана документтерде колдонулат.
Буга чейин Түркиянын чет тилдерде аталышы Turkey, Turkei, Turquie деп айтылып келчү.