Бүгүн, 2-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 708 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалыматта суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 811 метр куб, агып чыгышы 313 метр кубду түзгөнү белгиленет.