"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Караколдо эл менен жолугушуу өткөрүүдө

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бүгүн, 29-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Бактыбек Калмаматов билдирди. 
Жергиликтүү эл менен жолугушууга депутаттар Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Эркин Алымбеков, Туратбек Мадылбеков, Гүласал Садырбаева да катышууда. 
Депутаттын айтымында, чогулушка облус тургундары келишти. "Кумтөр" маселеси каралууда. 
Эске салсак, Жети-Өгүз районунун тургундары 7-октябрда митингге чыгышып, "Кумтөрдү" улутташтырууну талап кылышкан болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан