Сүрөттөгү Фукан метеорити. Бул дүйнө жүзү боюнча табылган метеориттердин эң коозу болуп саналат.
Бул өзгөчө метеорит 2000-жылы Кытайдын түндүк-батыш тарабындагы Фукан шаарынан табылган. Мындай өзгөчө структура метеориттердин 1 пайызында гана кездешет. Муну окумуштуулар палласит деп да аташат. Анын негизин темир-никель заты түзөт. Ошондой эле анда өзгөчө кооздукту тартуулаган оливин кристаллы бар. Оливин бул - баалуу хризолит ташы. Көпчүлүк метеориттердин курамында оливин дээрлик кездешпейт. Ал эми Фукан метеоритинин негизги курамында оливин басымдуулук кылат.
Бул метеориттин салмагы 1003 килограммды түзөт. Мындан улам аны бөлүктөргө бөлүп алып изилдөөгө алып кетишет. Ошондой эле анын бөлүктөрү дүйнөнүн бир канча музейлеринде экспонат катары сакталып турат.