Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде ФЕТО уюмунун талкууланышы: Түркия тарап билдирүү жасады

Түркия Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков баштаган делегацияны кабыл алуу учурунда ФЕТО уюму тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

"Түркиянын ичинде булардын иш алып баруусу мүмкүн эмес. Бирок дос жана бир тууган өлкөлөрдү да бул коркунуч тууралуу, өзгөчө кээ бир чоң өлкөлөрдүн чалгындоо уюмдарынын аппараты катары иш алып барган бул уюм тууралуу эскертүү - биздин бир туугандык милдетибиз деп эсептейбиз.

Ошону менен катар эле бул уюмдун мүчөлөрүнүн Түркия-Кыргызстан мамилелерин ууландырууга, бузууга багытталган иш-аракеттерине да тынчсыздануу менен баам салуудабыз. Европа өлкөлөрүнө да муну айтканыбызда, “Биз муну укук алкагында көзөмөлдөп жатабыз” дешет. Бирок мен юридика илимдеринин профессорумун, андыктан бул жооп мага күлкүнүчтүү туюлат. Анткени бир өлкөдө төңкөрүш жасоо сыяктуу кылмыш кылуу аракетин кылгандардын башка өлкөдө кармалышы үчүн аталган өлкөдө да төңкөрүш аракетин кылууларын күтүү акылдуулукка жатпайт. Ансыз деле мүмкүнчүлүк табышса, каалаган өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда да төңкөрүш аракетин кылуулары мүмкүн", - деген Шентоп.

Кечээ, 1-июнда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде семинар болуп өткөн. Семинарда ФЕТО уюму дагы талкууланган. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги университетте семинардын уюштурулушуна байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан