Ысык-Көлдө кар көчкү түшкөн аймактар тазаланып, ашууда калган чабандарга чөп жеткирилди

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда кар көчкү түшкөн аймактарында тазалоо иштери жүрүп, жол ачылды. Ошондой эле ашууда калып калган чабандарга чөп жеткирилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кар калың жаагандыктан Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82 жана 76-чакырымында ар жеринен кар көчкүлөр түшкөн. Жалпы көлөмү 80 миң метр куб кар көчкү тазаланып, жол ачылды.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматовдун координациялоо иштеринин астында Ак-Суу районунун Сары-Жаз жайлоосун Сырт өрөөнүн, Эңилчек айылындагы жана Чоң-Ашуу ашуусундагы чабандарга 1000 түк чөп жеткирилди.
Министрликтен 2 Хово унаасына 400 түк чөп, Чек-ара кызматынын 2 КамАЗ унаасына 400 түк чөп жана жеке менчик 4 Спринтер унааларына 200 түк чөп менен жеткирилди.
Учурда Эңилчек-Кайыңды жолун тазалоо иштерине 2 жүктөгүч тартылды.
Жалпы Ак-Суу районуна 1000 түк чөп жеткирилип, тоют жеткирүүгө жана унаа жолдорду таштардан тазалоо иштерине 12 оор техника тартылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан