ЮНИСЕФтин Сузакта мугалим кол көтөргөн окуучунун окуясы боюнча билдирүүсү

ЮНИСЕФ жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (АУЖКБ) билим берүү мекемелеринде балдарга карата таш боор мамиле жасалган учурларды талаптагыдай териштирип, зомбулукка тиешеси бар адамдарга чара көрүүгө үндөйт. Бул туурасында уюмдун социалдык тармактагы баракчасында жазылды.
"ЮНИСЕФ жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (АУЖКБ) мугалимден кордук көргөн окуучунун окуясына карата Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын ыкчам реакциясын жогору баалайт.
ЮНИСЕФ жана АУЖКБ балдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн айыптайт жана коомду балдарды ушундай окуялардан коргоп калууга үндөйт. Кыргызстандагы балдар өздөрүнүн дареметин толук колдоно алышы үчүн зордук-зомбулуксуз жана жагымдуу коопсуз чөйрөгө муктаж.
Мектептер коопсуз мейкиндик болууга тийиш. Бул мектепте иштеген мугалимдер, социалдык педагогдор, директорлор жана башка бардык улуу адамдар окуу жайдын аймагында жүргөн ар бир баланын корголушу жана коопсуздугу үчүн жооптуу болгонун билдирет. Мындай жоопкерчиликти алган улуу адамдар эч качан балага зомбулук көрсөтпөшү керек.
ЮНИСЕФ жана АУЖКБ ар кандай түрдөгү билим берүү мекемелеринде балдарга карата таш боор мамиле жасалган учурларды талаптагыдай териштирип, зомбулукка тиешеси бар адамдарга чара көрүүгө үндөйт", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле уюм балдардын жеке жашоого болгон укугун урматтоого, балдарды зордук-зомбулуктун же катаал мамиленин курмандыгы катары көрсөткөн материалдардын интернетте таралышына жол бербөөгө чакырат.
"Биз өкмөттү экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык фактыда, Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияда жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген балдардын билим алууга болгон укугун бузушу ыктымал бардык чаралардан карманууга чакырабыз.
Биз балдарга карата зомбулуктун алдын алып, мындай окуяларды териштирүү үчүн жооптуу бардык органдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин жана Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу органын балдарды коргоо үчүн мындан ары дагы зарыл болгон чараларды көрө берүүгө үндөйбүз", - деп жазылган билдирүүдө.
Маалымат үчүн:

Белгилей кетсек, социалдык тармакка сабак учурунда мугалим окуучу кызды урушуп, уруп жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБи жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдирген. Кийинчерээк мектеп директору кол көтөргөн мугалим иштен алынарын SUPER.KG порталына айткан. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзөрүн кабарлаган. Комиссия чечим чыгарып, ага ылайык, мугалимди иштен кетирүү буйругу жокко чыгарылган. Андан соң мугалим кол көтөргөн окуучуга психологиялык басым болуп жатканы айтылган.

Сабалган кыздын окуя тууралуу айтканы бул шилтемеде, ал эми апасынын пикирин бул жерден, ошондой эле мугалимдин кечирим сураганы шилтемеге өтүп окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан