Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бүгүн,
29-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары жергиликтүү эл менен жолугушуу
өткөрүп жатышат. Жергиликтүү тургундар депутаттарга Жогорку Кеңештин түзүмүнө
карата сын-пикирлерди айтышууда. Алар
"Депутаттар, эмне үчүн 13-айлык маяна
алабыз деп жатасыңар? Эмне, акчадан кыйналып жатасыңарбы? Депутаттардын саны 120, көп. 60 эле болсо болбойбу? Канчалык көп болсо, чукушмай да ошончолук көп болот" деген оюн айтышты.