Нарын шаарында “Кылмыштуулукка жол жок” аталыштагы жөө жүрүш өткөрүлдү

2-июнь күнү Нарын ОИИБнин жана Нарын ШИИБнин демилгеси менен жөө жүрүш уюштурулуп өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков, шаардык бийлик өкүлдөрү, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, жалпы билим берүүчү орто мектептердин директорлору жана жогорку класстын окуучулары катышты.

Бул жөө жүрүштүн максаты - өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка, рекетчиликке, зордук-зомбулукка каршы жана ар кандай кылмыш кырсыктардан оолак болууга үндөө болуп саналат.

Иш-чарага катышкан бийлик өкүлдөрү мектеп окуучуларына акыл-насааттары менен бөлүшүп, келечек муундарга дем, күч берип аларды сергек жашоого, терең билим алууга жана туура кесип тандоого багыт берүү менен патриоттуулукка үндөп ынтымакка чакырып өтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан