"Скутерлер, жол тандабастар, дрондордун жардамы аркылуу элдин коопсуздугу камсыздалсын". Милиция кызматкерлерине бир катар талаптар коюлду

Бүгүн, 3-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында туристтик мезгил ачылып, ички иштер кызматкерлерине гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Анда ички иштер министри Улан Ниязбеков туристтик мезгил учурунда милиция кызматкерлерине эки багытта иш алып барууну тапшырды.

Биринчи багыт: Коомдук жайларда, көчөлөрдө, туристтик аймактарда коомдук тартипти сактап, жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүп, жергиликтүү жашоочулардын, чет элден келген коноктордун кылмыштарга, жагымсыз учурларга кириптер болуусун алдын алуу;

Экинчи багыт: Ар түрдүү кырсыктарды, элге жат көрүнгөн окуяларды алдын алып, адамдын өмүрүнө, ден соолугуна терс таасирин тийгизген жол кырсыктарына бөгөт коюу иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү.


"Жер-жердеги мамлекеттик өз алдынча башкаруу органдарынын, өзгөчө кырдаалдар, медицина кызматтарынын, социалдык бөлүмдөрдүн, эс алуу жайлардын, курорт, лагерлердин жетекчилери, коомдун активдүү өкүлдөрү, туристтик мекеме, уюмдар менен бирге тыгыз иш алып барылсын.

Ар түрдүү кырсыктарды жаратуучу абалдарга жеринде бөгөт коюу үчүн электро-скутерлер, жол тандабастар, ылдамдыкты өлчөөчү заманбап радарлар, учуучу дрондордун жардамы аркылуу элдин коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалсын. Кыргыз жараны болобу же чет элден келген коноктор болобу "мыйзам алдында баары бир тең" деген принципте иш алып барыңыздар. Жардам сурап кайрылгандарга ээлеген кызматына, социалдык статусуна же улутуна карабастан жардам берилип, маселени ошол жерден ыкчам чечүүнү буйрук кылам.

Кылмыш же окуя орун алгандан кийин анын кесепети менен күрөшпөй, профилактикалык иштерге басым жасалсын деген талап коём. Сапарда жүргөндө эс алуу учурунда кырсыктарга себеп боло турган жагдайлардан оолак болуу боюнча пропагандалык таасирдүү түшүндүрүү иштери алып барылсын. Айдоочуларга, өзгөчө жаш айдоочуларга жол эрежесин сактап, өздөрүнүн жана башкалардын өмүрүнө жооптуу экени байма-бай эскертилип турсун. Бул иш-чаралардын бардыгына, коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого тартылган кызматкерлер, алардын биринчи жетекчилери жооптуу экенин эскертем.

Эл арасында тынчсызданууну пайда кылган көрүнүштөргө жол бербөөнү, коопсуз шарттарды түзүүнү ишке ашырууну жалпы ички иштер органдарына нускама иретинде табыштайм. Атайын белгиленген туристтик тилкелерге бөлүштүрүлгөн Ысык-Көл облустук ички иштер органдарынын ыкчам-тергөө топтору, авто жана жөө кайгуулдары, ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү, милициянын көчмө кабылдамалары жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, элге кызмат кылуунун үлгүсү болууга жетише алат деп ишенем. Жарандарыбызга, чет элден келген туристтерге ылайыктуу шарттарды түзүү боюнча жарнамалык багыттамалар, жол эскертмелери, кооптуу деп эсептелген тилкелер боюнча маалыматтар туура жеткирилсин.

Бардык жетекчилер, алардын кол алдындагы кызматкерлер элге сылык жана маданияттуу мамиле жасап, өз милдеттерин татыктуу аткарсын. Ички иштер органдарынын кызматтык ишмердигине, абийирине туура келбеген текеберленүү, бой көтөрүү, милдеттерди аткарбай көңүл коштук мамиле жасоо деген жаман адаттарга жол берилбесин. Эгерде ошондой фактылар орун ала турган болсо анда кемчилик кетирген кызматкер жана анын жетекчиси катуу тартиптик жазага кириптер болот", - деген талаптарды койду министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан