Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Сузактагы мугалим кол көтөргөн кызга жолукту. Бул туурасында акыйкатчы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Сузактагы окуя боюнча жеринен иликтөө бүттү. Жолугушууга ачык, даяр болгондор менен жолуктук: мектеп (мугалимге чыга албай коюшту); милиция, дарыгерлер, прокуратура, райондук администрация, социалдык кызмат, жергиликтүү депутат айымдар, ИДН, райондук деңгээлде текшерүү өткөргөн комиссиянын төрагасы, окуучунун апасы, өзү менен да капыстан көрүштүк. Жабыркаган окуучу кызды эрте эле ооруканадан чыгарып койгондору чоң суроо жаратат. Башка суроолор да көп…", - деп жазган ал.
Ошондой эле 2-3 күндө Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялай турганын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, социалдык тармакка сабак учурунда мугалим окуучу кызды урушуп, уруп жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБи жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдирген. Кийинчерээк мектеп директору кол көтөргөн мугалим иштен алынарын SUPER.KG порталына айткан. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзөрүн кабарлаган. Комиссия чечим чыгарып, ага ылайык, мугалимди иштен кетирүү буйругу жокко чыгарылган. Андан соң мугалим кол көтөргөн окуучуга психологиялык басым болуп жатканы айтылган.
Сабалган кыздын окуя тууралуу айтканы бул шилтемеде, ал эми апасынын пикирин бул жерден, ошондой эле мугалимдин кечирим сураганы шилтемеге өтүп окуй аласыз.