Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну кайрылган. Ал аталган аймакта Ачы токой чарбасындагы өскөн дарактардын жалбырактарын курттар жеп жатканын, ага чара көрүлбөй жатканына даттанган.
Жогорудагы маселе боюнча Ачы токой чарбасынын директору Улукбек Абдукаримовго байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"2022-жылдын 23-майында Ачы токой чарбасы Токойду коргоо жана коргоо станциясына кат менен кайрылган.
Эртең, 4-июнда токойду коргоо жана сактоо бекети менен биргеликте дарылоо пландаштырылууда. Дарылоо аба ырайынын шарттарынан улам болгон жок", - деп билдиришти мекемеден.