Мелис Аспеков сотто Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдон 1 миллион доллар алганын айтып чыкты

Президенттик шайлоо учурунда Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдон 1 миллион доллар алган. Бул тууралуу камактагы активист Мелис Аспеков сот отурумунда билдиргенин жактоочу Нурбек Токтакунов өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Токтакуновдун айтымында, кечээ Мелис Аспеков аны Бишкек шаардык сотунда болгон соттук отурумуна чакырган.

"Сот кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кеткенден кийин Аспеков билдирүү жасап, анда президенттик шайлоо учурунда ал 2021-жылдын январь айында Чүй облусунун координатору катары райондук штабдын координаторлоруна Садыр Жапаровдон алган 1 миллион долларды берген. Ал эми өз кезегинде Жапаров ал акчаны Сооронбай Жээнбековдон алганын айткан.

Садыр Жапаров шайлоо маалында Чүй облусу боюнча расмий маалыматтарга ылайык 62 миллион сом короткону белгилүү. Бул боюнча ал укук коргоо органдарына кайрылган. Бирок иш жабылып калган. Ал тил каттарды интернетке жарыялаган, бирок анын баракчасына чабуул болуп алар өчүрүлгөн. Анын пикиринде, бул тил каттар аркылуу президентке импичмент жарыялоого болот”, - деп жазат Токтакунов.

Мелис Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач ага карата “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында «Алдамчылык» беренеси да кошулган.

Биринчи Май райондук соту Аспековду өткөн айда жети жылга абакка кесип, жабырлануучулардын пайдасына 23 миллион 429 миң сом чыгымды өндүрүп берүүгө милдеттендирген.

Мелис Аспеков сотто Жапаров Жээнбековдон акча алганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан