Бүгүн, 29-ноябрда “Ата Журт” фракциясынын жыйынында ички тартип маселеси каралды. Фракция лидери Мыктыбек Абдылдаев акыркы кезде фракциянын ичиндеги айрым депутаттар депутаттык топ түзүп кетишсе, айрымдары таптакыр жыйындарга катышпай жатканын айтты. Мындан улам ал: бизнесмен бизнеси менен, саясатчы саясат менен алек болушу керектигин билдирди. “Мындан кийин партиялык тизме түзүп жатканда, бул маселе абдан кылдат каралышы зарыл”,- деди ал.
Фракциянын курамындагы депутаттардын жоопкерчилигин күчөтүп, алардын колу коюлган тизме түзүп, төрагага тапшыра тургандыгын кошумчалады. “Мына ошондон кийин “Ата Журт” фракциясынын атынан чыгып сүйлөй тургандар менен катар фракциянын курамы так аныкталат”,- дейт Абдылдаев.
Жыйында фракциянын ички ынтымагын бекемдөө менен азыркы абалдан чыгуунун жолдору талкуулады. Абдылдаев: “Ата Журт” фракциясынын депутаттары мамлекет үчүн өзүнүн калыс оюн айтып иштеши керек”,- деп белгиледи. Фракция мүчөлөрү депутаттык топ түзүп алган партиялаштарын Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттердеги мүчөлүгүнөн чакыртып алмай болушту.