Орусиянын Москва шаарында мындан 12 жыл мурун уурдалган бала табылды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, жакында эле Москвадагы калкты тейлөө борборунун кызматкери өспүрүмгө паспорт алуу үчүн документтерди тариздөөдө полицияга кайрылган. Маалыматтарды киргизүү учурунда ал бала уурдалганы жана эл аралык издөөдө жүргөнү тууралуу билдирүү алган.
Полиция кызматкерлери чакыруу болгон жерге дароо келип, баланын аты-жөнүн аныкташкан. Жыйынтыгында ал болжол менен 12 жыл мурун дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Павел К. аттуу бала болгондугу аныкталган. Полиция баланы жана аны алып келген улгайган аялды Полиция бөлүмүнө алып барып, тергөөчүлөр бул окуяны иликтей башташкан.
"Полицияга дайынсыз жоголгон деп федералдык издөөдө жүргөн жашы жете элек 2007-жылы туулган Павел К. аттуу өспүрүм алып келинген. Баланы издөө иши 2010-жылы, бала үч гана жаш кезинде башталган. Ошол кезде баланын апасы эгиз уулдарынын бирин өз атасы уурдап кеткенин билдирген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон", - деп билдирген полиция.
Окуянын мындай болгону такталды: 15 жыл мурун Паша аттуу жаран аялын жана эки жаңы төрөлгөн эгиз баласын таштап, кетип калган. Эгиздердин бири шал оорусу менен ооручу. Атасы анда-санда гана балдарына келип, бирок дени сак гана баласына көңүл бурчу. Бир күнү дени сак баласы менен сейилдөөгө чыгып, дайынсыз болгон.
Баланы полиция кызматкерлери бүткүл Орусия боюнча издешкен, бирок натыйжа болгон эмес. Көрсө, атасы уулун Минск шаарына алып барып, 12 жыл жашаган.
"Мен атам менен Беларуста жашадым. Москвада апам жана эгизим бар экенин билчүмүн, бирок алар такыр эсимде жок. Биз дайыма атам экөөбүз гана жашачубуз, кээде гана чоң апам келип тамак жасап берип кетчү. 2022-жылдын башында чоң апам мени ээрчитип алып Москвага Орусиянын жараны болуу үчүн паспорт алганы келгенбиз", - деп билдирген өспүрүм тергөөчүлөргө.
Баланын айтымында, ага каршы эч кандай мыйзамсыз аракеттер болгон эмес. Учурда полиция кызматкерлери үй-бүлөлүк оор абалды иликтеп жатат.