Быйыл "Алтын тамга" мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясын 80 бүтүрүүчү алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2022-жылы “Алтын тамга” тестине 2 141 талапкер катышкан. Анын ичинен 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат.
"Бирок учурда апелляциялык тестирлөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу сандар өзгөрүп калуусу мүмкүн", - дешти министрликтен.