
Бүгүн, 3-июнда Оштон Анталияга биринчи чартердик каттам ачылды. Маалыматты "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашат.
Мекемеден белгилешкендей, "Ош" эл аралык аэропортунда Ош-Анталия багыты боюнча биринчи чартердик каттам менен 184 жүргүнчү учуп кетти.
Анталия-Ош-Анталия багыты боюнча каттамдар аптасына эки жолу (дүйшөмбү жана жума күндөрү) аткарылат.