Владимир Путин апрель айында рак оорусунан дарыланганы айтылды

Орусиянын президенти Владимир Путин апрелде рактын прогрессивдүү түрүнөн дарыланган. Бул тууралуу АКШнын чалгындоо кызматынын жашыруун баяндамасында айтылганын дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Жашыруун маалыматта Путинге март айында кол салуу болгону дагы айтылат.

"Путин учурда катуу карманып турат, бирок абсолюттук эмес. Баары аягы жакындап калганын сезип турат", - деп жазылат маалыматта.

Ошол эле учурда АКШнын ишенимдүү делген үч булагы тең орус лидеринин обочолонушу АКШнын чалгын кызматтарынын Путиндин ден соолугуна так баа берүүнү кыйындатат деп эскерткен.

Путиндин ден соолугуна Украинадагы кырдаал дагы таасир этип жатканы айтылды. Ошондой эле Владимир Путин чет элдик лидерлер менен аз жолугуп жатканы дагы белгиленди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-майда франциялык TF1 телеканалына берген маегинде орус президентинин ден соолугунун начардыгы тууралуу маалыматты четке каккан. Бул Орусиянын президентинин ооруп калгандыгы тууралуу божомолдорго жооп катары жогорку даражалуу орусиялык саясатчынын биринчи билдирүүсү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан