Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна жетти. Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөттөрүн жүктөдү.
"Камчыбек Ташиев Баткен облусунда", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарып, миномёт колдонууга өтүшкөн.
Кийинчерээк Тажикстан чек ара тилкесине аскердик оор техникаларын тартышкан. Ошондой эле жетишилген макулдашууга карабастан тажиктер саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.
Саламаттыкты сактоо министрлиги куралдуу ок атышуудан эки кыргыз аскер кызматкери жаракат алганын, бирөөнүн абалы оор экенин кабарлашты.