Чолпон-Атада түркологдордун биринчи конгресси өтөт

Бүгүн, 3-июнь күнү билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр түрк тилдүү элдердин ортосундагы илимий, маданий байланыштарды өнүктүрүүдө эл аралык Түрк академиясынын ишмердүүлүгүнүн салымын белгилеген.

"Өз кезегинде Дархан Кыдырали академиянын бул жылдагы пландары менен бөлүшүп, анын бири катары 2022-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында түркологдордун биринчи конгрессин өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

Ошондой эле Дархан Кыдырали Алмазбек Бейшеналиевди 2022-жылдын 24-июнунда Нур-Султан шаарында өтө турган эл аралык Түрк академиясынын илимий кеңешинин кезектеги жыйынына катышууга чакырды.

Министр чакырууну кабыл алып, ыраазычылык билдирди”, - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан