Бүгүн, 4-июнь саат 9:10го карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан маалымдашты.
Маалыматка караганда, аталган аймакта түн тынч өтүп, эч кандай чыр-чатак катталган жок.
УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча милдеттерди аткарууну улантууда.
Маалымат үчүн:
Белгилей кетсек, Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарып, миномёт колдонууга өтүшкөн.
Кийинчерээк Тажикстан чек ара тилкесине аскердик оор техникаларын тартышкан. Ошондой эле жетишилген макулдашууга карабастан тажиктер саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.
Саламаттыкты сактоо министрлиги куралдуу ок атышуудан эки кыргыз аскер кызматкери жаракат алганын, бирөөнүн абалы оор экенин кабарлашкан.