Чек арадагы атышуудан жаракат алган 2 аскер Бишкекке алып келинди

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жаракат алган аскер кызматкерлери Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, алар медициналык мекемелерге жеткирилди жана бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөт.

"Чек ара кызматынын жарадар болгон аскер кызматкерлерине бардык жардам көрсөтүү маселеси УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Маалымат үчүн:

Белгилей кетсек, Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарып, миномёт колдонууга өтүшкөн.

Кийинчерээк Тажикстан чек ара тилкесине аскердик оор техникаларын тартышкан. Ошондой эле жетишилген макулдашууга карабастан тажиктер саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги куралдуу ок атышуудан эки кыргыз аскер кызматкери жаракат алганын, бирөөнүн абалы оор экенин кабарлашкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан