Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу кардан тазаланууда

Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Кара-Сай айылынан Ак-Шыйрак айылына бара турган унаа жол кардан тазаланууда. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Ага ылайык, учурда Кара-Сай – Ак-Шыйрак унаа жолунун болжол менен 60 чакырымы кардан тазаланган. Жалпы жолдун узундугу 108 чакырымды түзөт. Унаа жолдогу кардын калыңдыгы 60-70 сантиметр.
"29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу жабылып, 31-май күнү Жарандык коргонуу кызматтарынын техникалары тартылып жол ачылган. Ал эми Кара-Сай айылынан Ак-Шыйрак айылына бара турган унаа жолу кардан тазаланууда", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан