Жалал-Абадда катуу шамалдан 33 турак жайдын чатыры заянга учурады

Жалал-Абад шаарынын аймактарында катуу шамал 33 турак үйдүн чатырын учуруп кетти.
ӨКМнын маалыматына таянсак, шамалдын кесепетинен шаардагы 8 турак үйдүн, 19 көп кабаттуу үйлөрдүн, 6 социалдык объектилердин чатырлары зыянга учураган.
Ошондой эле дарактар жана жарнамалык банерлер кулап 8 унааны басып калган. Мындан тышкары электр зымдары үзүлгөн. Жабыр тарткан жарандар жок.
Куткаруучулар тарабынан үйлөрдүн чатырлары коопсуз жайга түшүрүлүп, дарак басып калган унаалар чыгарылган.
Электр энергиясын калыбына келтирүү иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан