Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтарынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри менен Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, Кыргыз Республикасынын 66, 71-беренелерин жана 89-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып:
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр Савердинович кылмыш жасаганга шектүү деп кармалганга байланыштуу ал тергөө мезгилине ээлеген кызматынан убактылуу четтетилсин,
Зулушев Курманкул Токторалыевич Кыргыз Республикасынын башкы прокурору кызматынан тергөө мезгилине убактылуу четтетилсин", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөн билдирген.