500 миң сомго чейин сыйлыктар берилди. Бишкекте Мектеп лигасынын 2021-2022-сезону жыйынтыкталды

3-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Мектеп лигасынын 2021-2022-сезонунун жабылыш аземи жана финалдык оюндары өттү. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришет.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Азамат Жаманкулов, билим жана илим министрлиги, футбол, волейбол жана баскетбол федерацияларынын президенттери, башкы демөөрчүлөр жана күйөрмандар катышты.
Жабылыш аземинде Азамат Жаманкулов лиганын мыктыларын эл аралык деңгээлдеги мектеп лигаларына катыштырууну, муну менен катар студенттер арасында "Колледж лигасы" жана "Университет лигасын" уюштуруп, мындан ары арышын кеңейтип, деңгээлин жогорулатуу максаты бар экенине токтолду.
"Мектеп лигасы" Кыргызстандын бардык аймактарын камтып, анын ичинен 1778 мектеп спорттун футбол, волейбол жана баскетбол түрү боюнча ат салышып, мыктылар аныкталды.
Салтанаттуу аземде жеңүүчүлөргө 100 миң сомдон 500 миң сом чейинки акчалай сыйлыктын күбөлүктөрү, жеңүүчүнүн Кубогу жана атайын баалуу белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, Мектеп лигасы 2021-жылдын 28-октябрында старт алган. Жалпы республиканын мектептери волейбол, футбол, баскетбол боюнча беттештерди өткөрүшөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан