Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Президенттин буйругуна ылайык, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев төргөө аяктаганга чейин убактылуу кызматынан четтетилген.
Белгилей кетсек, 2-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөн билдирген.