Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жаракат алган 2 аскер Улуттук госпиталга жаткырылды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат таратышты.
Белгилүү болгондой, аларга зарыл болгон диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
С.уулу Б. 21 жашта, диагнозу: Баш мээси чайкалып, жабык жаракат алган, баштын төбөсү жабыркаган, омурткасы сынган. Абалы туруктуу оор, Нейротравма бөлүмүнө жаткырылган;
Ж.З. 22 жашта, диагнозу: Баш мээнин жабык жаракаты, контузиясы, ийиндин жана моюндун сол тарабынан сынык алган. Сол омурткасы сынган. Жогорку, ортоңку гематома. Абалы оор. Бейтапка операция жасалууда.
Белгилей кетсек, Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарып, миномёт колдонууга өтүшкөн.
Кийинчерээк Тажикстан чек ара тилкесине аскердик оор техникаларын тартышкан. Ошондой эле жетишилген макулдашууга карабастан тажиктер саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.