Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы
К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында бүгүн, 29-ноябрда “Ата Мекен”
фракциясынын депутаттары жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүп жатышат. Жолугушууда жаштар арасындагы
жумушсуздук маселеси да козголду.
Жаштардын өкүлдөрү “Пенсионерлерди кызматтан
кетиргиле. Жаштарга жумуш орундары жетишсиз. Жылдыз Жолдошеванын 20 гектардан ашуун
жерин үй куруу үчүн жаштарга бөлүп бергиле” деген талаптарын айтышты.
Мындан сырткары тургундар шайлоого акимдердин ашыкча киришип алганын, алардын бөлүнүп-жарылып, жаңы айыл өкмөт башчыларын шайлай албай жатышканын
кошумчалашты.
Белгилей
кетсек, жолугушууга депутаттар
Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Эркин Алымбеков, Туратбек Мадылбеков,
Гүласал Садырбаева, Жоомарт Сапарбаев жана Бактыбек Калмаматов катышууда.