Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадаминжан Каратаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында министрлер кабинетинен билдиришти.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Белгилеп өтсөк, Каратаев аталган кызматка 2021-жылдын апрель айында дайындалган.