Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөп, мамлекетке каршы келишим түзгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 8-июлунда “M.V.ch” Бахрейн компаниясы жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосунда дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча мамлекеттик мекемелерге акысыз негизде кызмат көрсөтүү боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
"Ага карабастан Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте тендер өткөрбөй туруп, Түркиянын "TC. I. T." компаниясы менен келишим түзүп, 54 миллион 836 миң 316 сом которгон.
Ал эми Бахрейн компаниясы менен түзүлгөн меморандумга ылайык, долбоор эч кандай мамлекеттик чыгымдарсыз бекер ишке ашмак. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги жеке кызыкчылыктардын негизинде дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын орнотууда атайылап пайдасыз келишим түзгөн.
Натыйжада мамлекетке 54 миллион 836 миң 316 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "билип туруп пайдасыз контракт түзүү" менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, 2-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.