Кытайдын түштүгүндөгү Гуйчжоу провинциясында ылдам жүрүүчү поезд рельстен чыгып кетти. Анын кесепетинен машинист каза болуп, дагы 8 жаран жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жүргүнчү ташуучу D2809 поезди Гуйчжоу провинциясынан Гуанчжоу шаарына 4-июнда жергиликтүү убакыт менен саат 10:30да багыт алган. Анда Жунцзян станциясынан поезд рельстен чыгып кеткен. Анын кесепетинен машинист жеринде каза болгон, дагы 8 жаран ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Ал эми поезддеги 136 жүргүнчү эвакуацияланган.