Интернетте Камчыбек Ташиевди колдогон жаштардын видеосу тарады
Социалдык тармакта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди колдогон жаштардын видеосу тарады. Анда чогулган жарандар Жогорку Кеңештин жыйынында Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан Адахан Мадумаровдун дарегине сын айтышканын көрүүгө болот.
"Адахан Кимсанбаевич, парламенттин жыйынында популисттик кадамдарыңызды токтотуңуз. Сиз журналистсиз, сизде тил бар. Камчыбек Ташиевде жүрөк бар экенин бардык кыргыз эли билет", - деген чогулгандардын бири.
Ошондой эле ал кимдин сабаттуу экенин билүү үчүн өмүр баянына баш багып көрүүнү сунуштаган.
2-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Адахан Мадумаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2022-07-07
12:10
2022-07-07
Рейтинг:
-1

Негедир мага ушундай эле сезилип атат. Жакшылап изилдеп көргүлөчү силер
Жогорку билимдуу болсо эле сабаттуу деген нерсе жок. Он диплому болсо да, тушунугу, акылы, дуйно таанымы тайкы болсо сабатсыз болот. Мисалы колхоз Камчы акенер чындап эле сабатсыз, Садыр аванар болсо куру популист...