ПОЭТЕРАПИЯ: "Күүгүм кирсе кайра бачым таң сүрүп, күндөр барат алып-учуп токтолбой"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Клара Ниязова.

Клара Ниязова Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылында 1962-жылдын 23-февралында жарык дүйнөгө келген. Мектеп жашында ырга кызыгуусу башталып, жазган ырлары райондук гезиттерге чыгып турган. Учурда үч китептин автору, көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси. Калем кармап, ыр жазууга ынтызар болгон көптөгөн жаш калемгерлердин башын бириктирип, жол көрсөтүп, алардын такшалып кетүүсүнө кам көрүп жүргөн кези. Үч уулдун мээримдүү апасы. Алты небереси бар.

КӨҢҮЛҮМ КӨТӨРҮП КОЙ КАБЫЛАНЫМ

Көрүүгө карааныңды каалап келем,
Көзүмдүн, каректерин кадап келем.
Кайрыгы күүдөй кызык каалоолорду,
Кайгынын капасына камап келем.

Көңүлдүн көксөгөнү калыңдады,
Көнүмүш кусалыкка кабылганы.
Кызыктуу кыялдарды көкөлөтөт,
Кыштактын кыналышкан кайыңдары.

Кастарлап, карааныңа кагыламын,
Каяктан кантип качан кабыламын?
Көөдөндө, кусалыкты күчөтпөстөн,
Көрүшүп көңүл көтөр кабыланым.

Кайдасың? Күтөм күндө карап-карап,
Капилет кездешүүнү көксөп-каалап.
Күдөрүм, күүгө келген комуз кылы,
Күйүттөн калбасынчы көңүл канап.

Бул ырымды чыгармаларымдан өзгөчө кылып жазгым келди. Жалаң бир тамгадан ыр куроону максат кылып өзүмдү сынагым келди да, "к" тамгасы менен куроону ойлонуп, эргий баштадым. Ошондо ушул ыр чыгып, окурмандардын купулуна толуп, эң сонун пикирлерди калтырды. Азыр да ушундай бир тамгадан ыр куроо менен иштеп жаткан учурум.

МЕКЕНИМ КӨРКҮ ЫРЫМДЫН

Мекенимди өмүр бою даңктаймын,
Бабалардын ишеничин актаймын.
Ала-Тоомо келет күндө сыйынгым,
Ата-Журтум көркү өзүң ырымдын-
Талантымды сага гана сарптаймын.

Урпактарга тийип келет өбөлгөң,
Укмуш укмуш сенден алган көрөңгөм.
Ата-баба салтын баалап сактачу,
Куш агытып, жорго-күлүк таптачу,
Эр жигиттер коюнуңда төрөлгөн.

Касиеттүү турпагыңда торолдум,
Жанга азык сууңдан ичип чоңойдум.
Көк тиреген көркөм куттуу Мекеним,
Өзүң үчүн мен садага кетемин,
Сенсиз күнүм күңүрттөнүп болоор муң.

Бабаларым барктап ыйык туткан жер,
Баркын, даңкын бүтүн дүйнө уккан жер.
Өзүң барда көтөрүңкү демим бар,
Оо Ата-Журт сени сүйгөн элим бар,
Жаша дайым түбөлүккө кутман жер!

Мекенден касиеттүү эч нерсе жок! Менин үчүнчү китебим ушул ырдын аталышы менен жарык көрдү. Чыгармаларымда көбүнчө мекенди даңазалап келем. Чыгармачылыкка болгон кызыгуум мекенди сүйүү менен жаралган. Мекенин сүйбөгөн адамды "маңкурт" деп эсептейм! Башым жерге жатканча мекенимди ырга айландыруудан талбайм.

ӨМҮРДӨГҮ МИЛДЕТИМ

Өрүлгөн чач агарып да суюлуп,
Өмүр барат колдон кумдай куюлуп.
Жашаптырмын такыр илбей капарга,
Жаштык чагым бүтпөчүдөй туюлуп.

Жылдызданган мезгил өттү жоктолбой,
Жылтыр этет тээ алыстан оттордой.
Күүгүм кирсе кайра бачым таң сүрүп,
Күндөр барат алып-учуп токтолбой.

Чоң жоготуу, кеткен жаштык кыр ашып,
Чоо-жайын да биле албадым суратып.
Көңүлүңө карабаган куу тагдыр,
Көп сынады ашуусунан кулатып.

Жакшы иш кылган жылдарымды эстедим,
Жаштык менен, максатымды беттедим.
Ар убакта ойлоп-ойлоп сагынам,
Аппак-аруу күлгүн чагым эх менин!

Күүгүм тартып, өмүрүмө кеч кирип,
Күлкү-шаңдуу мүнөз калды эскирип.
Дептердеги ырлар гана толкутат,
Дем-күч берип өмүр шаңын сездирип.

Оо жазмыштан кайсы пенде кача алат?
Оюм ушул көрктүү-нарктуу жашамак.
Эң чоң ыйык милдетим деп түшүнөм,
Эмгектерим элим үчүн жасалат.

Бул ыр өткөн-кеткен өмүрдү көз алдымдан чуурутуп эскерип отуруп жазылды эле. Жалындаган жаштык курактан токтолуу мезгилге өтүп, улгаюу куракка келгенде жакшы ырлар менен из калтырып, элиме кызмат кылсам деген аруу тилегим жүрөгүмдө уялап келет.

БИШКЕК-ПАРК

Аркы-терки, элдер тынбай чубурат,
Аз келгенсип, музыка үнү угулат.
Карап коюп олтурамын ойлонуп,
Калктын иши жакшыргандай туюлат.

Азем сарай эл көңүлүн шат кылган,
Ар башкача түркүн даамды таттырган.
Бажырайып маек курса улуулар,
Балдар ойноп көңүл ачып каткырган.

Кандай даамдуу, кофе менен чайлары
Канат кагат, жаш балдардын сайраны.
Элдин шаңы, көңүлүмдү көтөрүп,
Эргүүм келип, ыр жазамын жайдары.

Элдин дайым, көтөрүлүп демдери,
Эх сонун ээ, Бишкек-Паркка келгени.
Мекенимди шаңга бөлөп жүрүшсүн,
Меймандостук ар улуттун элдери.

Өңчөй гүлдөр аземдетип түспөлүн,
Өсө берсин, көркү чыгып Бишкегим.
Мекенимдин кыйма-чийме жолунда,
Менин дагы, калса экен дейм издерим.

Иштерим аз күндөрү "Бишкек парк" соода борборуна атайын эс алып отуруп, ыр жазууга барам. Ал жерде ар түркүн улуттун адамдары эс алып, эң сонун маанай менен жүрүшөт. Мен ошол жерге барганда эргий баштайм. Кандай темада баштасам да, өз көңүлүмө жаккан чыгарма жаралат. Ызы-чуусу мага жолтоо болбойт. Ал жердин энергиясы, аурасы жагат. Бул ырым да ошондой эс алуу күндөрдүн биринде чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан