УКМКнын окуу-машыгуу борборунун ачылышы болду. Ага Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев катышты (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин окуу-машыгуу борборунун ачылыш аземине катышты. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аземде мамлекет башчысы өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо максатында заманбап курал-жарактар, күжүрмөн техникалар сатып алынып жатканын эске салды.

Мамлекет башчысы террорчулук жана башка кылмыштуу жосундар менен күрөшкөн атайын түзүмдөрдүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу. Ошондой эле өлкөнү террорчулардан коргоону жакшыртуу жана күчөтүү максатында бардык эл аралык талаптарга жооп берген Окуу-машыгуу борборун түзүү зарылдыгы келип чыкканын белгиледи.

"Мындай борборлор чет өлкөлөрдүн жана коӊшу мамлекеттердин атайын кызматтарында бар экенин билесиздер. Өткөн жылы жогоруда аталган азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарын эске алып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин демилгеси менен жаӊы окуу борборунун пайдубалы түптөлгөн. Бүгүн мына ал борбордун курулушу бүтүп, пайдаланууга берилип отурат", - деди ал.

Борбордун аймагында машыгууга, тиешелүү билимдерин арттырууга, ошондой эле кызматкерлердин узак мөөнөткө чейин жашап, кызмат кылышы үчүн бардык зарыл шарттар эске алынган.

"Улуттук коопсуздук органдары мекен алдындагы милдеттерин ар намыстуулук менен аткара берерине үмүт артам! Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык жана өнүгүү болсун!", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Андан соң президент окуу-машыгуу борборунун курал-жарактары жана казармасы менен таанышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан