Курманкул Зулушев кызматтан четтетилгени боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
"Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт. Анткени, өлкө башчысынын ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш. Калыстык бул ар бир адамдын абийир соту. Мен дагы эч качан калыстыктын таразасын, акыйкаттын ташы жок тарткан эмесмин. Кандай иш болбосун тактап, мыйзам чегинде баа берип келемин. Жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби, мыйзам баарына бирдей! Менин милдетим - мыйзамдардын так жана даана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү", - деп жазган ал.
Белгилесек, бүгүн башкы прокурор Курманкул Зулушев Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилген.