
Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Ак-Шыйрак айылына 1200 түк чөп жиберилди. Бул туурасында ӨКМдан маалымдашты.
Ага ылайык, жеткирүү ишине жалпы 6 оор техника тартылып, ӨКМдан 2, Чек ара кызматынан 2 жана жергиликтүү тургундар тарабынан 2 бирдик техника уюштурулган.
Белгилей кетсек, 29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан бир нече аймакта кар көчкү жана жер көчкү жүрүп, Ысык-Көл облусунун бир нече райондорунда жолдор жабылып, байланыш каттамдары үзүлгөн. Мындан улам жайлоого чыккан малчыларда тоют көйгөйү пайда болуп, миңдеген мал-жандыктары өлгөн.