Өтмөк ашуусунун жолуна жаңы асфальт төшөлөт

Талас-Тараз-Суусамыр жолунун Өтмөк ашуусундагы эң начар абалдагы жолдун үстүнкү катмары фреза менен кесилип алынып жаңы асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Өтмөк ашуусундагы 0-43-чакырым аралыктарына бюджеттен 74 миллион сом каралып, Талас облусундагы 5-ДЭУга участоктору бөлүнүп берилген. Учурда жол өткөөлүндөгү пайда болгон аң-чуңкурларды оңдоп-түздөө, асфальт-бетон аралашмасын төшөө, таптоо жумуштары жүргүзүлүүдө.

Аткарылган жумуштун жалпы көлөмү 2500 чарчы метрди түздү.

Маалымат үчүн: Талас облусу боюнча 26.7 чакырым жолго жаңы асфальт төшөлөт. 21.70 чакырым шагыл жол капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Мындан тышкары 8000 чарчы метер жолдун бузулган катмарында пайда болгонон аң-чуңкурларга асфальт төшүлүп, оңдоо-түздөө иштери аткарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан