Ош шаарындагы Жапалак айыл аймагынын 4 көчөсүндө жол асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4 күндүн ичинде 600 метр жол асфальтталат. Ошондой эле Шамшы Өмүралиев көчөсүндөгү 1200 метр жолго, Камил Эргешов көчөсүнүн 850 метр аралыгына, Базыбай Эргешов көчөсүндөгү 500 жолго асфальт төшөө пландалууда.
Жол куруу иштери “Ош шаардык жолдор башкармалыгы” тарабынан жүргүзүлүүдө. Жумушка 15 атайын техника жана 25 жумушчу тартылган.