Париж шаарында жайгашкан Эйфель мунарасына чагылган түштү. Бул туурасында дүйнөлүк басылмаларда кабарланды.
Басылмалар жазгандай, мунарага чагылган саат 18:00 чамасында түшкөн. Сүрөтчү Кулик Бертран жаратылыш кубулушун кадрга түшүрүп калууга үлгүргөн.
Эйфелдин сайтында мунарага жылына 5ке жакын чагылган түшөрү жазылган.
Эйфель мунарасы - Париждин борборундагы металл мунара, эң таанымал архитектуралык курулуш.