Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзгөн жаңы автобекет курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, автобекет эки кабаттуу курулуп, жүргүнчүлөр үчүн күтүү залы жана мейманкана каралган.
"Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 395 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын январь айында башталган",- деп белгиленет маалыматта.